Жалал-Абад облусунда «Дженго» деген каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-февралда Жалал-Абад облусунун аймагынан К.Досоновдун (криминалдык чөйрөдө «Дженго» деген кайманаты менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири К.С. кармалды.
Кармалган жаран 1986-жылы туулган, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын июнь айынан бери издөөдө жүргөн. Ал Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда анын башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Тергөө иштери жүрүп жатат.