7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун ири түзүмү жок кылынды

442

Жалал-Абад шаарында тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун туруктуу түзүмү жок кылынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Операциянын алкагында аталган уюмдун активдүү 22 мүчөсү кармалган. Шектүүлөрдүн арасында шаар боюнча «масул» (жетекчи), беш «накиб» (рухий насаатчы), сегиз «мушриф» (окутуучу) болгон. Ар бир «мушриф» 3-5 окуучуну жашыруун шарттарда экстремисттик идеологияга окуткан.

Топтун мүчөлөрү бир нече жыл бою Жалал-Абад шаарында эл арасында деструктивдүү идеологияны жайылтып, жаңы тарапташтарды тартуу менен алектенген. Ошондой эле интернетте фейк аккаунттарды түзүп, тыюу салынган экстремисттик материалдарды жашыруун басып чыгарып таратышкан.

Кармалгандар талкууланып жаткан «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» жаңы мыйзам долбооруна каршы чыгып, ага каршы баракчаларды таратуу иштерин жүргүзүшкөнү айтылды. Кармоо операциясы учурунда жашыруун типография, экстремисттик адабияттар, баракчаларды чыгаруучу компьютердик жана көчүрмө техника, ошондой эле коопсуздукту камсыздоо максатында дрон колдонулганы белгилүү болду.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тыюу салынган уюмдун башка түзүмдөрүн жана кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

443