7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда көчөлөп күн өткөрүп жүргөн 3 кыз аныкталды

804

Жалал-Абадда 2 айдан бери көчөлөп, ар кандай түнөк жайларда жашап күн өткөрүп жүргөн 3 өспүрүм кыздар аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыздар Сузак, Ноокен, Тогуз-Торо райондорунан Жалал-Абад шаарына келишкен 2004-жылы туулган И.А., Ж.А. жана 2006-жылы туулган Ж.А. экендиктери такталган. Алар үйлөрүнөн бир нече жолу качып, жеӊил жашоого көнүп алышкандыгы, турмуш-шарты жакшы үй-бүлөнүн кыздары экендиги белгилүү болгон. Кыздардын ата-энелери милицияга чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындан ары аларды катуу көзөмөлгө алуу керектиги эскертилди. Кыздар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү башка аймактардан келген өспүрүмдөрдүн ата-энелерине эскертет. “Билим алууга келген кыздарыӊыздарды көзөмөлдөп, шаар ичинде эмне менен алек болуп жаткандыгынан, алардын жашаган жерлеринен жана окуу жайларынан кабар алып туруӊуздар. Эгерде балдарыӊыздар окуган же жашаган жеринде жок болуп, дайынсыз жүргөн болсо тезинен милицияга кайрылыӊыздар.”,-деп берилет маалыматта

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

805