7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда капиталдык курулуш департаментинин башчысы Акылбек Нуркулов кармалды

459

Жалал-Абадда капиталдык курулуш департаментинин башчысы Акылбек Нуркулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-февралында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам иликтөө иш аракеттеринин алкагында Жалал-Абад шаардык мэриясынын капиталдык курулуш департаментинин башчысы Н.А.К. кармалган.


Такталгандай, 2018-жылдын январь айында Жалал-Абад шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын тендердик комиссиясы тарабынан Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн биринин жол жээгин жана инфраструктурасын кеңейтүү, реконструкциялоо үчүн, курулуш иштерин тейлөө кызматтарын сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгы боюнча, жеке компаниялардын бири жеңүүчү деп табылып, ага аталган Н.А.К. келишим түзгөн. Бирок, Акылбек Нуркулов материалдык артыкчылыктарды алуу боюнча өз кызыкчылыгын көздөп, техникалык көзөмөлдүн жооптуу адамдары жана жеке компания менен алдын-ала бир бүтүмгө келип, курулуш иштеринин көлөмүн жана колдонулган курулуш материалдарынын баасын мыйзамсыз жогорулаткан.


Жыйынтыгында, мамлекеттик бюджетке 1,6 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Кармалган адам Жалал-Абад шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

460