7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда кесипке багыт берүү борбору ачылды

691

Бүгүн, 28-мартта Жалал-Абад шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүндө “Кесипке багыт берүү ” борбору ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гулбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Батина Токобаева, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Аталган борбор Германия өлкөсүнүн кызматташтыгынын негизинде “GIZ” эл аралык коомунун колдоосу менен ишке ашкан. Борбор заманбап 3D улгүсүндөгү компьютердик-техникалык жабдуулар, окуу китептери менен камсыздалган.

Борбордун максаты жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын кесип тандоо жаатында туура чечим кабыл алуусуна көмөктөшүү болуп саналат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

692