7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: Координациялык жыйында коомдук коопсуздукту алдын алуу иштери каралды

642

Бүгүн, 9-мартта Жалал-Абад облусундагы коомдук коопсуздук, укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукту болтурбоо аракеттери координациялык кеңешмеде талкууланды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук укук коргоо органдарынын башчылары, район акимдери, шаар мэрлери жана айыл өкмөт жетекчилери катышты.

Жайында координациялык кеңештин жаңы курамын жарыялоо жана 2022-жылга карата иш мерчемдерди бекитүү, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери талкууланды. Мындан сырткары диний экстремизм, терроризмге каршы укук коргоо органдарынын жүргүзүп жаткан иш аракеттери жана өзгөчө кырдаалдардын алабы, көйгөйлөрдү чечүү чаралары каралды.

Ыйгарым укуктуу өкүл облустагы коомдук коопсуздук, кылмыштуулуктун алдын алуу, жол коопсуздугун камсыздоо жаатындагы жалпы жумуштардын солгундугун белгиледи. Көйгөйлөрдү чечүүдө аймактардагы жергиликтүү бийлик жетекчилерин чогу иш алып барууга чакырды.

Облус башчысы президенттин той-аштарга ашыкча чыгымдарды болтурбоо тууралуу жарлыгын турмушка ашырууда натыйжалуу чараларды көрүүнү тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

643