7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда Нооруз майрамы белгиленди

956

Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу Нооруз майрамы белгиленди.

Саамалыкка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, президенттин Жалал-Абал облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогору Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана тургундар катышты.

Иш-чарада облус башчысы жаз мезгилинин башаты болгон «Нооруз”- жаңылануунун, жакшы тилектердин майрамы экенин белгилеп, жалпы катышуучуларды куттуктады. Мындан сырткары кыргыз эли эзелтен бул майрамда жердин жанданышын шаң-шөкөт менен белгилеп келгенине токтолду. Ыйгарым укуктуу өкүл бул жылы өлкө президенти баш болуп көөнөрбөс улуттук касиетти даңзалоо өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

Майрамдык саамалыкта улуттук кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, тамак-аш көргөзмөлөрү уюштурулуп, чоң программадагы концерт тартууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

957