7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда суу түтүкчөлөрүн тартууда мамлекетке 7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген

468

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук прокуратурасы тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген факты аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Аксы районуна караштуу Кербен шаарынын Мамай, Устукан айылдарына таза сууга түтүкчөлөрдү тартууда Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, пайда көрүү же башка жеке кызыкчылыктарды көздөп, мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 7 миллион 357 миң 872 сомдук зыян келтиришкен.

Аталган факты боюнча Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалуу) менен кылмыш иши козголуп, келтирилген зыянды өндүрүү жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

469