7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда өткөн жылы өнөр жайдагы көрсөткүчтөр жогорулаган

826

Жалал-Абадда 2021-жылы ѳнөр жай тармагында 35 млрд сомдон ашуун продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 106,2 пайызды түздү. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 7 млрд сомго көп. Өткөн жылы облус жалпы республиканын көлөмүндөгү үлүштүн 10 пайызын камсыздаган.

Маалыматка ылайык, мында өнөр жайынын электр энергиясы, газ, буу, кондицияланган аба менен камсыздоо тармагында 10 млрд 186 млн. сомдук продукция алынган.

Ал эми Жалал-Абад облусунун ѳнѳр жайынын 54,6 пайызын түзгөн тоо кен тармагында 19 млрд сомдон ашуун продукция өндүрүлүп, көрсөткүч 113,3 пайызды ээлеген. Андан нефти мунай затын жана жаратылыш газын өндүрүү 115,5 пайызга аткарылган. Нефтини өндүрүү көлөмү 263 миӊ тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 36 миӊ тоннага көп өндүрүлгөн.

Ушул жылы да облус жетекчилиги тарабынан бардык район-шаарларда чакан жана орто ишкердикти колдоого алуу, өнүктүрүү, өндүрүш жана кайра иштетүү жандантуу тапшырмалары коюлган. Мындан сырткары инвестиция тартууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

827