7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда жалган ишкердик менен алектенгендер кармалды

708

Жалал-Абад шаарында жалган ишкердик менен алектенген адамдар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарынын бир нече тургундарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренеси (жалган ишкердик) боюнча кылмыш иши козголду.

Аталган облустун аймагында салык төлөөчү катары катталган субъектилердин ишмердүүлүгүн текшерүү учурунда болжолдуу түрдө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө жеткирбестен эсеп-фактуралар жазылган шектүү операциялар аныкталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалган фирмалардын иш жүзүндөгү жана жасалма жетекчилери тергөөгө алынып, алардын мыйзамсыз аракеттери такталган.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул фирмалардын контрагенттерине салыктык текшерүүлөр дайындалып, анын жүрүшүндө салыктар кошумча эсептелинет.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

709