7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда жаранды сабап, акчасын жана телефонун алып кеткен шектүүлөр кармалды

775

Жалал-Абадда уюлдук телефон жана акча тоногондор кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 19-январь күнү 102 номерине Жалал-Абад облустук ооруканасынын дарыгери чалып, 1978-жылы туулган А.А. аттуу жаран денесинен жараат алып, ооруканага келип түшкөндүгүн билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, жабырлануучу 18-январь күнү саат 23:00 чамасында кафелердин биринде шериктери менен спирт ичимдигин ичишкен. Ал жерден чыккан соң чогуу отурган балдар аны уруп, 20 миң сом акчасын жана 8 миң сомдук уюлдук телефонун алып коюшкандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинини 206-беренеси («Тоноо») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, Сузак районунун тургундары 1981-жылы туулган А.С. жана 1988-жылы туулган А.Э. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

776