7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү өтүп, көчөттөр отургузулду

919

Бүгүн, 12-мартта Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында массалык көчөт отургузуу жана ишембилик уюштурулду.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, Сузак районунун Сузак айыл аймагындагы №97 орто мектебинин короосуна 200дөн ашуун дарак көчөттөрү тигилди. Ишембилике район акими Баратбек Сыдыкназаров жана жергиликтүү тургундар катышты.

Облус башчысы демилге президенттин «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу алкагында уюштурулганын билдирди.

Ошондой эле бак-дарактардын көчөттөрүн тигүү экологиялык туруктуулукту сактоо жана айлана чөйрөнү жашылдандырууга түрткү болоорун кошумчалап, облуста жарыялаган үч айлык ишембиликтин жүрүшүндө отургузулган көчөттөрдүн өсүүсү да көзөмөлдө болоорун айтты.

Белгилей кетсек, улуттук өнөктүк Жалал-Абад облуснун бардык аймактарында колго алынды.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

920