7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда жигердүү эмгектенип келген 120 аял сыйланды

910

Бүгүн, Жалал-Абад облусунда көптөгөн тармактарда жигердүү эмгектенип келе жаткан 120га жакын аялга майрамдык маанай тартууланды.

Салтанатка президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, жалпы айымдарды майрамы менен куттуктады.

«Урматтуу энелер, кымбаттуу эже-карындаштар! Бүгүнкү саамалыктын жалпы катышуучуларды!

Аялзаты эне, жашоо башаты, үйдүн куту. Бүгүнкү күндө да айымдарыбыз бала тарбиялап, үй-бүлө түйшүгүн тартып, келечек муундарга адеп-ахлактык баалуулуктарын жайылтып келет. Айымдар дээрлик бардык тармактарда эмгектенип, ийгиликтерди жаратууда. Заман талабына ылайык эркектер менен тең тайлаша турмуш жүгүн артууда.

Мамлекеттин тынчтыгы, өсүп-өнүгүүсүндө илим-билимдүү жаратман айымдардын салымы чоң. Сиздер тарбяилаган татыктуу уул-кыздарыңыздар мекенди коргоп, мамлекеттин өнүгүүсүндө талыкпай эмгектенип келе жатышат. Бул аялзатынын коомго кошкон эң зор салымы»,–деди Абсаттар Сыргабаев.

Ошондой эле алдыңкы кызматкерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

911