7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда зордук-зомбулуктун алдын алуу жумуштары уланууда

243

Жалал-Абад облусунун аймагында үй-бүлөлүк жана башка зордук-зомбулуктардын алдын алуу жумуштары милиция тарабынан тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Ноокен РИИБи жана райондук администрация тарабынан “Зордук-зомбулуксуз жашоо” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Бул жыйынга Ноокен РИИБдин начальниги, милициянын подполковниги Алтынбек Мусаев, айыл өкмөт башчылары, социалдык кызматкерлер жана педагогдор катышышты. Жыйындын жүрүшүндө зордук-зомбулук фактыларынын келип чыгуу себептери жана анын алдын алуу жолдору талкууланды.

Ал эми Токтогул РИИБдин кызматкерлери Бишкек-Ош автожолундагы кар көчкүлөрдү атуу жумуштарына жигердүү катышып жатышат. Ошондой эле район аймагындагы мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү тургундар менен да жолугушуулар өткөрүлүп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо зарылдыгы айтылууда.


Бул сыяктуу жумуштар Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш айылындагы мектепте да уюштурулду. ШИИБдин кызматкерлери жана шаардын имамы суициддин, диний экстремизмдин, топтошуп мушташуулардын, мектеп рекетчилигинин алдын алуу багытында профилактикалык иштерди алып барышты. Милиция кызматкерлери окуучуларды кылмыштуулуктан жана ар түрдүү кырсыктардан алыс болууга чакырышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

244