7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абаддагы түнкү ызы-чууга байланыштуу 5 бала милиция бөлүмүнө жеткирилди

412

Жалал-Абаддагы түнкү ызы-чууга байланыштуу 5 бала милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-август күнү саат 22:55 чамасында Жалал-Абад ШИИБдин 102 номерине Д.Камчыбеков аттуу жаран кабарлаган.

Анда болжол менен саат 22:50 чамасында  Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасынын  Манас көчөсүндө жайгашкан «Омас»  маркетинин алдында 5 бала  мушташып жаткандыгы айтылган. Аталган факты боюнча  Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн  маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталган. Окуя болгон жерге Жалал-Абад ШИИБдин ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери барышып кароо жүргүзүшкөн.

Алдын ала текшерүү учурунда Базар-коргон районунун 18 жаштагы  Б.Р. жана А.К. уулу,  24 жаштагы Б.Р.аттуу  балдар Спутник кичи шаарчасындагы  СИЗОнун имаратында  куруучу болуп  иштеп жатышкандыктан  Спутник кичи шаарчасындагы  Манас көчөсүндө жайгашкан «Омас» маркетине суусундук алууга барышкан учурда,  Спутник кичи шаарчасынын Жеӊи-Жок көчөсүнүн  26 үйүнүн тургуну  18 жаштагы А.С., Сузак көчөсүнүн 61 үйүнүн тургуну  Н.А. менен урушуп кетишкен.

Натыйжада  эки тарап  бири-бирине  арыз-дооматтары  жок экендигин билдирип арыз жазуудан  жана  соттук- медициналык  экспертизадан  өтүүдөн  баш тартышкан. Аталган факты боюнча  А.С. жана  Н.А., менен бирге болгон  шериктерин  тактоо  боюнча  тиешелүү  кызматтарга атайын тергөө  тапшырмалары  берилип, териштирүү   иштери жүрүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

413