7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жанар Акаев: Борбор шаарда жашоо кооптуу болуп калды

645

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маселе көтөрдү.

«5-апрелде чырактай кызды зордук менен уурдап бара жаткан видео болгон сайттарга чыкты. Кыздын туугандары милиция кызматкерлерине кайрылышты. Милиция эмнеге убагында реакция кылган жок? Ошол жерде унаанын номери турат. Ошол кеткен багыт менен барганда Айзаданын өмүрүн сактап калганга мүмкүнчүлүк болмок. Зөөкүрлөрдүн бардыгын коомчулукка алып чыкмакпыз. «Коопсуз шаар» долбоору бир гана жарандардан айып пул чогултуучу систем эмес, биздин жарандардын коопсузудугу болуш керек. Борбор шаарда жашоо кооптуу болуп калды. Ууруулар көбөйүп кетти. Жергиликтүү чабан телефон чалганда милиция кызматкерлери барып жатат. Президент жүздөгөн адамдарга ырайым берип, түрмөдөн чыгарып жатат. Кимдер чыгып жатат? Ошолордун бардыгын азыркыдай кылмышка катышпайт деп эч ким кепилдик бере албайт», — деди Жанар Акаев.

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. Бүгүн, 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны алып качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

646