7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жанар Акаев Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү

182

Ош шаарынын жаңы мэри Жанарбек Акаев мэриянын аппаратынын кызматкерлери менен таанышып, алгачкы жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө өлкө башчысы тарабынан коюлган тапшырмалардын негизинде Ош шаарында аткарылуучу негизги багыттар боюнча сөз болду.

Шаар башчысы алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууда жамаат менен биргеликте аракет көрөрүн белгилеп, шаарды өнүктүрүү багытында бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди.

Ошондой эле мэриянын кызматкерлерин жоопкерчилик, чынчылдык жана тынымсыз аракет менен иштөөгө чакырып, биримдик жана натыйжалуу кызматташуу аркылуу жогорку жыйынтыктарга жетүүгө болорун белгиледи.

183