7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: 2030-жылга чейин ири суммадагы карыздарды төлөйбүз

499

Президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда өлкөнүн ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион сомго жеткендигин (2020-жылы 639 млрд) баса белгиледи.

«Бул көрсөткүчтү жакынкы күндөрү эле басып өттүк. Бул – алгылыктуу жумуштун жыйынтыгы болгон чоң жетишкендик», — деп кошумчалалды мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров өлкө казынасынын каражаттары жалаң гана өсүү темпи менен бараткандыгын баса белгиледи.

«Бул көрсөткүчтөр, эң алгач, экономикалык саясатыбыздын туура, таза жана жыйынтыктуу жүргүзүлгөндүгүнөн улам жаралды. Тышкы карыз боюнча милдеттенмелерибиз бар. Ушул жылдары эң ири көлөмдөгү карыздарды төлөө убактысына туш келдик. 2030-жылга чейин ири суммадагы карыздарды төлөйбүз. Маселен, 2023-жылы – 344 млн доллар, 2024-жылы – 400 млн доллар, ал эми 2025-жылы – 430 млн доллар», — деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

 

 

500