7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров апрелден баштап социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акылары көтөрүлөөрүн билдирди

1159

1-апрелден тартып бардык социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акылары 50 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрүлөөрүн өлкө башчы Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Пандемиядан кийин биз эмес өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы да калыбына келе элек. Бирок ушундай кыйынчылыкка карабастан, 1-апрелден тартып бардык социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акыларын 50 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрөлү деп чечтик.

Эмгек акылар бир гана салыктын эсебинен көтөрүлөт. Өткөндө бир депутат «кредит алып эмгек акы көтөрүп жатасыңар» деди. Министрдин орун басары тыңгылыктуу жооп бере албай жатат, же өзү билбейт, же даяр эмес. Ал орун басар боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасына тапшырма бердим. Кызматка татыктуу эмес болсо бошотуш керек. Азыр биз кызматка тааныш билиши, же бирөөнүн көңүлү үчүн кармап турууга акыбыз да жок. Бизди убакыт күтпөйт.

Эми иштейм деген элдин мындай талабын орундатып, саясатын жөндөп бере албасак, бийлик бутактарында отуруп, элге кызмат кылып атабыз деп айтпай эле коелук.

Берекелүү түшүмдүн эң башкы себеби эле сугат суусу. Ошол үчүн „Суу — өмүр булагы“ деп айтылат эмеспи. Бул багытта Өкмөт жыл башынан бери эле ирригация системасын жолго коюуга, каналдарыбызды тазалоого тийиштүү каражат бөлүп, алардын натыйжалуу пайдаланылышына бекем көзөмөл жүргүзүп жатат.

Тармактык министрликтердин дал ушул багытка жооп берген орун басарлары жүргүзүп жаткан иштери, бөлүнүп жаткан каражаттар тууралуу парламент жыйындарында маалымат берип, ар бир каражаттын кайда, кандай жумшаларын чечмелеп берип жатат деп ойлойм.

Кыскасы, эмгекчил элдин койгон талабын өз учурунда аткарып, „жаздын бир күнү жылга тете“ дегенди эстен чыгарбай, эл менен тыгыз иштешүүгө маани беришибиз зарыл.

Ыкчам чечүүнү талап кылган калган маселелер боюнча, мен өткөндө да айттым эле, Министрлер Кабинетинин чоң жыйынына келип, өз маалында маселе коюп, жообун алсаңыздар болот. Министрлер Кабинетинин толук курамынын жыйыны ар бир бешинчи күнү саат 18-00до өтүп турат. Сиздер барып катышканга акылуусуздар.

Сөзүмдүн акырында ишибиздин ыкчам жүрүшү үчүн ийкемдүү делген ыкмалар, иш-аракеттер менен кызматташуу болсо деген тилегим бар.

Жогоруда белгилеп айтканымдай, ынтымагыбыз бекем болгондо гана көздөгөн максатыбызга жетебиз. Буга сиздер да макулсуздар деп ойлойм.

Ишиңиздерде ийгилик болсун!

Эл өкүлү катары эл үчүн иштейбиз деп келгендеги максатыңыздар ишке ашсын!

Кыргызстаныбызда тынчтык, өнүгүү болсун!».

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1160