7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров ата мекендик хоккейчилерди Дүйнө чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады

885

Бишкек шаарында 8-мартта, IV дивизиондогу хоккей боюнча 2022-жылдагы Дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров жана өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова Кыргызстан менен Кувейт курамаларынын ортосундагы турнирдин финалдык беттешин трибунадан көрүүчүлөр катары көрүштү.

Улуттук курама Кувейт командасын 14:0 эсебинде жеңип, аны менен бул Дүйнө чемпионатында биринчи орунду ээледи.

Төртүнчү дивизиондо чемпион болгон Кыргызстандын курама командасы эми Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу алдында үчүнчү дивизиондо ойнойт.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи аяктагандан кийин Мамлекет башчысы Кыргызстандын командасынын кийим алмаштыруучу жайына кирип, хоккейчилерибизди Чемпионаттагы ишенимдүү жеңиши менен куттуктады.

Жапаров спортчулар менен  баарлашууда улуттук кураманын жеңиши бардык кыргызстандыктарга кубаныч жана сыймыктануу тартуулаганын белгиледи.

Президент өзүнүн атынан бардык команда мүчөлөрүнө, машыктыруучулар курамына жана улуттук кураманын дарыгерлерине акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Бул республиканын аймагында өткөрүлгөн спорттун олимпиадалык түрү боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат болуп, турнирге Кыргызстан, Кувейт, Сингапур, Малайзия жана Ирандан беш курама команда катышты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 3-мартынан 8-мартына чейин Бишкек шаарында төртүнчү дивизиондун командалары арасында хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

886