Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынына катышууда. Анда билим берүүнүн сапаты менен медицинанын деңгээлин жогорулатуу маанилүү экенин белгиледи.
«Саламатсыздарбы, урматтуу жалпы республикалык кеңешменин катышуучулары! Сөзүмдүн алдында мен сиздерди ыйык Орозо айынын келиши менен куттуктаймын!
Бардыгыңыздарга руханий чыдамкайлыкты жана бекемдикти, жакындарыңыздарга чың ден соолук жана бакубаттык каалайм!
Биз бүгүн ушундай кеңири курамда социалдык чөйрөнүн өкүлдөрүн чогултууну чечтик. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык коргоо жаатында иштеген адамдарды бардык аймактардан чакырдык.
Өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулап, алдыга койгон пландарыбызды Сиздер менен бөлүшөлү деп жатабыз.
Ошол эле учурда Сиздерден да ойлорду, сунуштарды угалы.
Мамлекет башчысы кызматына аттанганда мен республиканын бүт аймактарын түрө кыдырып чыкканымды билесиздер.
Шайлоочулар менен жолугушканымда алдыга койгон биринчи милдетим — элдин жашоо деңгээлин көтөрүү экендигин айтканмын.
Билим берүүнүн сапаты менен медицинанын деңгээлин жогорулатууну — башкы артыкчылык катары караймын.
Дегеле, биз „эл агартуу“ деген жакшы сөздөн алыстап бараткандайбыз.
Бул түшүнүктүн астында бир гана билим берүү эмес, маданият да, сөздүн кеңири маанисинен алганда, адам жөнүндө — анын руханий жактан да, саламаттыгы жактан да толук камкордук турат.
Менин президенттик кызматка киришкендеги номер биринчи Жарлыгым — »Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө« болгон»,- деди өлкө башчы жыйында.