7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Бир сом акча коротпой Эрулан Кокулов жана акын Мирлан Самыйкожо өттү

1069

Бир сом акча коротпой Эрулан Кокулов жана акчасы жок акын Мирлан Самыйкожо өттү. Бул тууралуу өлкө башчы Жапаров жыйналышта билдирди.

«Менин добушумду уурдап алды, шайлоо бурмаланды деген сыяктуу ыплас оюндарды токтотоор кез келди. Алардын айрымдары жаштар, жашоо шайлоо менен эле бүтүп калбайт. Коомдо кайсы бир партия же адамдар мамлекеттин тынчтыгын эмес өз кызыкчылыгы үчүн элди бурмалап, козутуп келгендиги коомчулуктун көңүлүн буруп алаксытып келген фокустар. Бул шайлоо баарына чоң сабак болду. Шайлоодо кимдер өткөнүн көрдүк. 1 сом акча коротпой Эрулан Кокулов өттү. Бир мандаттту округдан акчасы жок акын Мирлан Самыйкожо өттү. Ал эми үгүт иштериндеги катачылыктарды баардык талапкерлер түшүндү»,-деди Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн, президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1070