«Калкыбыздын 65 пайыздан ашыгын 30 жашка чейинки жаштар түзөт. Бактылуу өлкөбүз, анткени аркабызда мыкты жаштарыбыз турат»,-деди Садыр Жапаров социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында.
«Биз бактылуу өлкөбүз, анткени аркабызда мыкты жаштарыбыз турат. Калкыбыздын 65 пайыздан ашыгын 30 жашка чейинки жаштар түзөт. 38 пайызы — 18 жашка толо элек балдар, алар эки жарым миллиондон ашык. Ошондуктан мамлекеттик башкаруунун алган башкы багыты жана басымы — биздин элибизге, айрыкча биздин балдарга арналган.
Алар билимдүү жана дени сак болуп чоңоюшу керек.
Алар эң жогорку деңгээлдеги билимге жана көндүмгө ээ болуп, глобалдык коомдогу башка куракташтары менен тең ата атаандашууга жетишип, 21-кылымдын орто ченинде өздөрүн өтө ишенимдүү сезиши керек.
Бул жалпы улуттук максат баарыбызды — ар кыл саясий көз караштарга, социалдык, маданий, регионалдык жана диний айырмачылыктарыбызга карабастан, бир муштумдай биригүүгө чакырат.
Биз баарыбыз — ата-энебиз.
Балдарыбызга бул дүйнөдө татыктуу пайдубалды камсыз кылып берүүгө милдеттүүбүз. Азыр биз бардык күч-аракеттерибизди жана ресурстарды бала бакча, мектептер, поликлиника менен ооруканалар, маданият үйлөрү жана башка бардык социалдык тармактарга жумшап, ата энесинин социалдык-материалдык абалына карабастан, шаардабы, же алыскы тоолуу айылдабы жашаган жерине карабастан, ар бир бөбөк жана өспүрүм бала үчүн — илим менен техниканын акыркы жетишкендиктерине, билим деңгээлине, маданий жактан бай болушуна жана сапаттуу саламаттыкты сактоого жетишин камсыз кылышыбыз милдет!
Кыргызстандыктардын жаңы, күчтүү жана татыктуу муунун тарбиялоо милдетине жетүү — биздин улуттук тилегибиз жана стратегиялык максатыбыз болууга тийиш.
Дал ушул максаттын алдында — баарыбыз, жалпы элибиз биригели, кымбаттуу журтташтарым! Урматтуу кеңешменин катышуучулары!
Албетте, мындай амбициялуу, бийик максаттарды коюу менен бирге, биз бүгүнкү социалдык тармактан жана мамлекеттик башкаруудан чоң натыйжаларды талап кылууга акылуубуз.
Бул — бир жагы. Маанилүүсү — ар бир мектепте, социалдык мекемеде каармандык менен эмгектенген, мекенчил, ушул залда отурган сиздердей инсандар болушу керек.
Мамлекет такыр көңүл бурбай, минималдуу түрдө гана каржылап калган кыйын учурларда деле — сиздер өз ишиңерге берилгендикти көрсөтүп, оор кыйынчылыктарды жеңип келдиңиздер.
Күч-кайратыңыздарды аябай, ден соолугуңуздарды да тобокелге салып, керек болсо үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдү да четке таштап, жеке кызыкчылыктарды арткы планга коюп, иш-милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып келдиңиздер.
Арийне, эгерде биз жогорку квалификациялуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү жаңы муундагы кыргызстандыктарды тарбиялоо боюнча улуттук үмүт-тилектерибиз менен стратегиялык максаттарыбызды курулай кыял, кооз сөз болуп калбасын десек, ага реалдуу жетүүнү кааласак, мамлекет — социалдык тармактардын бардык мекемелерине орчундуу материалдык-финансылык ресурстарды таап, камсыздоого милдеттүү.