7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Мамлекет начар башкаруучу» деген калыптанып калган түшүнүктөн четтеп жатабыз

554

Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ленинское айылындагы лифт жабдууларын жана жүк көтөрүүчү механизмдерди өндүрүү боюнча алгачкы ата мекендик ишкананын ачылышына катышып жатып билдирди.

«Биз “мамлекет начар башкаруучу” деген калыптанып калган түшүнүктөн четтеп жатабыз. 1 миллиард сом уставдык капиталы менен «Кыргызиндустрия» ишканасы түзүлүп, мамлекеттик банктардын уставдык капиталы да жогорулатылды. Бул аракеттердин баары ишкерлерге мамлекет тарабынан каржылык колдоо көрсөтүүгө жардам берет. Эгерде даяр бизнес-план болсо, аны ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярбыз», — деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасы.

Өз кезегинде компаниянын негиздөөчүсү Рахат Жунушбаева компаниянын алдыга койгон амбициялуу пландары, анын ичинде Борбор Азия жана Евразия экономикалык биримдигинин рынокторуна чыгуу пландары бар экенин белгилеп, ошондой эле ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу 500 даана техниканы түзөөрүн жана Бишкек шаарындагы лифттерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында жогорку технологиялуу лифттерге алмаштырууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгиледи.

Андан соң ишкана салтанаттуу ишке киргизилип, өндүрүштүк имараттарды кыдыруу болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

555