7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Эки өлкөнүн ортосунда келишимдик-укуктук база 400дөн ашуун документти камтыйт

228

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы келишимдик-укуктук база 400дөн ашуун документти камтыйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасаганда билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык кол коюлган документтердин мындай саны башка бир дагы чет мамлекет менен жок.

“Азыр эле сиздердин катышууңуздарда билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, коопсуздук, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтык жаатында эки тараптуу документтердин жаңы топтомуна кол коюлду.

Эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук база 400дөн ашуун документтерди камтыйт деп канааттануу менен кошумчалайм.

Албетте, биз макулдашуулардын маанилүү жыйынтыгы катары биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара кызматташуунун негизги аспектилери белгиленген Союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү тууралуу биргелешкен билдирүүнү эсептейбиз”, — деди президент.

229