7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Эл үчүн кызмат кылам деп берген антыңыздарды эстен чыгарбасаңыздар

714

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Мамлекет башчысы салтанаттын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Жогорку Кеңештин урматтуу депутаттары!

Кадырлуу эл өкүлдөрү!

Эң алды менен кечээ жакында эле белгиленген Мамлекеттик туубуздун 30 жылдыгы менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. Мыйзам чыгаруу бийлиги мындан туура отуз жыл мурун кыргыз элинин байыркы тарыхын, тарыхында мамлекетүүлүгү болгонун, анын далили катары кызыл байрагы желбиреп келгенин дүйнө элине жеткирип, Мамлекеттик туу жөнүндө мыйзам кабыл алып берген эле. Мына ошондуктан, ошол кездеги эл өкүлдөрүнө жана алардын мураскору катары бүгүнкү Жогорку Кеңеш депутаттарына ыраазычылык билдирем.

Ошону менен бирге депутат айымдарыбызды дагы кечээги Аялдардын эл аралык күнү — 8-март майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Элибиз эзелтеден эле кыз кишиге өзгөчө мамиле, сый-урмат көрсөтүп келгени белгилүү. Бүгүн дагы жалпы аялзатына, анын ичинде сиздерге бардык жакшылыктарды каалайм. Бар болуңуздар!

Ал эми бүгүнкү Жогорку Кеңеш жыйынында мыйзамга ылайык, эл өкүлдөрүнүн жана президенттин алдында ант берген жаңы министрлерибизге тилегим, эл үчүн кызмат кылам деп берген антыңыздарды эстен чыгарбасаңыздар. Бийликтин жүзү аткаруу бийлигинин, башкача айтканда, мына урматтуу министрлер, сиздердин ишиңиздер аркылуу ачылат.

Ишеним артылып, бүтүндөй бир тармактын жүгүн тартам деп иштөөгө белсенип келген соң, бул милдетти аткара албасаңар мамлекеттин жалпы ишине жооптуу катары мага — Президентке, анан силерди ишти жөндөп кете алат деп макулдугун берип шайлап берген мыйзам чыгаруу органына сөз тиет. «Эл тараза, эл сынчы“ дегендей, иштеген ишиңер, тарткан жүгүңөр элдин элегинен бат эле эленип, байкалып калат.

Жигердүү иш алпарып, мыкты-мыкты демилгелерди көтөрүп таза иштеп берсеңер атыңар тарыхта жазылат. Иштемиш эткен түр көргөзүп, эч кандай жылыштар байкалбаса, ага кошумча ар кандай мыйзамсыз аракеттериңер байкалса, бүтүндөй министрликтин аброюна, ал тургай, жогоруда белгилегенимдей, бүтүндөй бийлик системасына объективдүү сын айтылары турган иш»,- деди өлкө башчы жыйында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

715