7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамаатына Сабировду тааныштырып, ийгиликтерди каалады

525

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамаатына жаңы директор Равшанбек Сабировду тааныштырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров белгилегендей, президент тарабынан «Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана КРнын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлган, ага ылайык Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты координациялоо  президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин карамагына өткөрүлдү.

Министрлер кабинетинин башчысы учурдагы татаал шарттарда инвестицияларды тартуу, республиканын инвестициялык потенциалын жогорулатуу жаатында агенттиктин ишин толугу менен кайрадан карап чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Равшанбек Сабиров президентке жана Министрлер кабинетинин төрагасына көрсөтүлгөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирди жана алдыга коюлган милдеттерге жана пландарга жетишүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалаарын билдирди.

Жыйынтыгында Жапаров агенттиктин жаңы жетекчисине жана жамаатына ийгилик жана жемиштүү иш каалап, Кыргыз Республикасына чет элдик түз инвестициянын агымы дээрлик 30%га өскөнүн белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

526