7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Консолидацияланган бюджет 2025-жылы 1 трлн 100 млрд сомдон ашты

11

Биз 2021-2025-жылдарды өлкөнүн экономикалык моделин терең трансформациялоого арнадык, — деди президент Садыр Жапаров бүгүн «Ынтымак Ордодо» өтүп жаткан республикалык кеңешмеде.

Президенттин айтымында, 5 жыл мурун пандемия учурунда өлкөдө мамлекеттик бюджеттин көйгөйлөрү, институттардын алсыздыгы жана инвестициялык активдүүлүктүн төмөндүгү байкалган.

«Мен 2021-2025-жылдар Кыргызстандын жаңы тарыхындагы сапаттуу экономикалык өнүгүү доору болуп калат деп ишенем. 2020-жылы өлкөнүн ИДПсы 8,3 млрд долларды түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы менен ал 22,6 млрд долларга жетип, экономиканын көлөмү болжол менен 3 эсеге өстү», — деди өлкө башчысы.

Президенттин айтымында, жалпысынан 5 жылдын ичинде салыктык кирешелер 4 эсеге, бажы кирешелери 6 эсеге, ал эми салыктык эмес кирешелер 9 эсеге өскөн.

«Консолидацияланган бюджет 2020-жылы 313 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 1 трлн 100 млрд сомдон ашты — бул 3,5 эселик өсүштү билдирет», — деди президент.

12