7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Коррупция-бул экономиканы артка тарткан мите»

111

Өлкөдө коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка жана өлкө ичинен кемирип жеп келген бардык терс көрүнүштөргө каршы чечкиндүү жана туруктуу күрөш жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, коррупция – бул мамлекеттик башкаруу институтун бузган, элдин ишенимин кыйраткан, экономиканы артта тарткан мите. Мындан улам бул илдетти түп-тамырынан бери жоюу милдети коюлган.

“Башталган туруктуу коррупцияга каршы реформаларды бул күрөштү толук жыйынтыкка жеткенге чейин тынымсыз уланта беребиз. Уурдасаң камаласың, мамлекеттин жана элдин байлыгын талап-тоносоң, ичип-жесең камаласың, пара берсең да камаласың! Мыйзам баарына бирдей болушу керек”, — деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV Элдик курултай өтүүдө. Ага 700 дөй делегат катышууда. Курултай эки күнгө созулат.

112