“Курулуш компаниялар шаймандарды өзүбүздүн заводдон алышса, ирденип калышат эле”, — дейт өлкө башчы Садыр Жапаров социалдык баракчасында.
Маалым болгондой, бүгүн президент Садыр Жапаров Оштогу түтүк жана сантехникалык шаймандарды, пластик эшик-терезе тетиктерин чыгарган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышкан.
(Текст өзгөртүүсүз берилди)
Заводдо ар кыл өлчөмдөгү канализацияга, ичүүчү сууга, дренаждык системага колдонулуучу түтүктөр жакшы сапатта чыгарылып жатыптыр. Сантехникада кеңири колдонулуучу буюмдарынын сапатына да кепилдик берерине ишендиришти. Ушундай эле түтүктөрдү чакан жана орто ГЭСтерди куруу үчүн чет өлкөлөрдөн ташып келчүбүз жана азыр деле сырттан алып келүүдөбүз. Албетте, бул өтө өкүнүчтүү.
Сырттан ташып келгенде жол чыгымы, бажы өнүмү болуп отуруп, товардын баасы да кымбат болот эмеспи. Өзүбүздө окшош эле товар турса башка жактан сатып алып аткан ири компаниялардын товар жеткирүүчүлөрүндө өз кызыкчылыктары бар экенин түшүнүп турабыз.
Мисалы, ошол эле жүздөгөн курулуш компаниялары сырттан ташып келгенче өзүбүздүн жеке ишкерлерден алышса, заводдорубуз ирденип, акырындык менен импорттон толук арылбасак да, анын басымын азайтат элек. Ошондуктан баардыгынарды ушул сыяктуу ата мекендик ишкерлерибизди колдоого чакырып кетет элем.



