7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Кыргыз — араб экономикалык кызматташтыгы жаңы демге ээ болду

594

Кыргыз-араб экономикалык кызматташтыгы жаңы демге ээ болду. Мунун далили катары интенсивдүү өз ара сапарлар, бизнес форумдар жана ишкер жолугушуулар, анын ичинде Кыргызстанда 100 млн АКШ доллары уставдык фонду менен биргелешкен холдинг компаниясын түзүү жөнүндө Макулдашуу саналат. Эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрү жеке байланыштарды түзүп, кызматташуунун келечегин талкуулашты. Соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча конкреттүү кадамдар белгиленди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарында (Бириккен Араб Эмираттары, БАЭ) өткөн Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык жыйынында билдирди.

Ал кошумчалагандай, 2019-2021-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттары менен соода жүгүртүүсү – 2,9 эсеге, анын ичинде экспорт – 5,4 эсеге, ал эми импорт 10,2%га өскөн.

«Өткөн жылы эки тараптуу сооданын көлөмү дээрлик 70 млн АКШ долларын түзсө, үстүбүздөгү жылдын 8 айында 69 млн АКШ долларын түздү. Биз бул жагымдуу динамиканы сактап гана тим болбостон, аны мындан ары да бекемдөө үчүн биргелешип иш алып баруубуз керек», — деп баса белгиледи Министрлер кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров ошондой эле Кыргызстан БАЭге эт азыктарын, экологиялык жактан таза жашылча-жемиштерди, бал, кургатылган мөмө-жемиштерди, төө буурчакты, консерваланган продуктуларды жана кийизден жасалган буюмдарды жеткирүү көлөмүн жогорулатууга даяр экендигин белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы энергетика тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, энергетика тармагына түз инвестиция тартуу, ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында кызматташууну мындан ары да арттырууга кызыкдар экендигин билдирди.

Андан соң Кыргызстандын жана Бириккен Араб Эмираттарынын бир катар мамлекеттик органдарынын жетекчилери кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча бетачар форматындагы кеңейтилген маалыматтарды сунуштады.

Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколго кол коюлду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

595