7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата иш-чарага катышты

895

Садыр Жапаров 10-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргызстандагы футболдун 100 жылдык өнүгүү мезгилин чагылдырган архивдик сүрөттөр камтылган фотокөргөзмө менен таанышты.

Жапаров өз сөзүндө кыргызстандыктарды жана алдыңкы спортчуларды бул маанилүү дата менен куттуктады. Ал ата мекендик футболчулардын чеберчилигин жана жетишкендиктерин белгилеп, Кыргызстандын дүйнөлүк аренада кадыр-баркын көтөрүү аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчы өлкөдө спортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу зарылдыгын баса белгилеп, футболду мектептен баштап университеттерге жайылтуу Кыргызстанды дени сак улуту бар күчтүү мамлекетке айландырат деген оюн билдирди. Ал өлкөнүн спорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө бардык күч-аракетин жумшоого чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Садыр Жапаровго фрунзелик «Алга» клубунун ардагерлеринин кол тамгалары коюлган эстелик топ, ошондой эле кыргыз футболунун тарыхын архивдик сүрөттөр менен камтыган альбом тапшырылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

896