7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров кыргыз студенттерин окууну бүткөндөн кийин өлкөгө кызмат кылууга чакырды

260

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, Москва шаарындагы мекендештер менен жолугушууда кыргыз студенттерине кайрылды.


 Мамлекет башчысы Россиянын окуу жайларында 16 миңден ашык кыргызстандыктар билим алып жаткандыгын, алардын дээрлик жарымы квота боюнча бюджеттик негизде окуп жатышканын белгиледи.


 «Силер — жаңы муун, Кыргызстандын келечектеги өнүгүшүнүн негизги күчү болосуңар. Силердин билимиңер — бул чоң ресурс. Окууну аяктагандан кийин мекенге кайтып келип, өлкөбүздүн көптөгөн тармактарынын жана секторлорунун өнүгүшүнө салым кошууга чакырам», — деп айтты Садыр Жапаров.


 Ал мамлекеттик кызматкерлерди тандоо системасын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге кеңири токтолуп, анын натыйжасында жакшы билим алып, өлкө үчүн ак ниет иштеп берүүгө даяр бүтүрүүчүлөр мамлекеттик кызматтарга орношууга мүмкүнчүлүк алышарын кошумчалады.
 Президент Садыр Жапаров алдыга койгон бардык максаттарга жана милдеттерга биргелешкен күч-аракеттер менен гана жетишүүгө болорун айтып, мекендештерге бекем ден-соолук, бакубатчылык жана үй-бүлөлөрүнө кең келечек каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

261