7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Мамлекеттик банктар аркылуу бизнес долбоорлорду биргелешип каржылоого даярбыз

987

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана район акимдери менен видеоконференция байланышы аркылуу жыйын өткөрдү.

Жыйында жазгы-талаа иштеринин жүрүшү, президенттин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышы, жерлерди трансформациялоо жана башка актуалдуу маселелер каралды.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, биринчи кезекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер республиканын жетекчисинин жогоруда аталган чечимин толук аткарууга тийиш.

«Бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик органдарынын негизги милдети – жаңы жумуш орундарын түзүү. Алардын ишмердүүлүгү ишенип берилген аймактардагы тазалык жана тартип, жаңы жумуш орундарын түзүү, инвестиция тартуу, Мамлекет башчынын Жарлыктарынын жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышы сыяктуу KPI көрсөткүчтөрү боюнча бааланат. Аймактардагы төрөт үйлөрүнүн абалына, сөөк коюуга байланыштуу жер маселесине көңүл бургула. Биз мамлекеттик банктар аркылуу таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалар сыяктуу бизнес долбоорлорду биргелешип каржылоого даярбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

988