7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров мамлекеттик туунун авторлоруна ардактуу наамдарды ыйгарды

803

Бүгүн, президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик символдун авторлору Жусуп Матаев, Бекбосун Жайчыбеков жана Эдил Айдарбеков менен жолугушту. Бул туралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы сүрөтчүлөрдү — мамлекеттик символдордун биринин авторлорун 30 жылдык мааракеси менен куттуктады. «Кыргыз элинин желеги ар дайым бейпил асманда желбиреп турсун. Өлкөбүздө молчулук, токчулук болсун», — деди Садыр Жапаров.

Ал мамлекеттик туунун авторлоруна баа жеткис салымы, өлкөнүн эң маанилүү символдорунун бирин жаратканы жана республиканын көркөм сүрөт искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн чоң ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, Кыргызстан элинин руханий маданиятын байытууга кошкон салымы үчүн сүрөтчү, С. А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт окуу жайынын окутуучусу Жусуп Матаевге жана сүрөтчү, «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр бирлигинин» Бекбосун Жайчибековго «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» ардактуу наамы ыйгарылды. Ошондой эле, Н. Исанов атындагы курулуш, транспорт жана архитектура Кыргыз мамлекеттик университетинин архитектура кафедрасынын ага окутуучусу Эдил Айдарбековго «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылды.

 

Мамлекеттик желектин авторлору алардын эмгеги бааланганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

804