7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров “Ала-Арча” паркында Катар эмирине жаратылыштын кооздугун көрсөттү

593

Президент Садыр Жапаров менен Катар Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани “Ала-Арча” жаратылыш паркында этномаданий программа менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров менен Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани бүгүн, 7-июнда, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында Катар Мамлекетинин Эмиринин өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.

Өлкө башчыларын жаратылыш паркында төкмө акындар, “Алп” баатырлар жана “Аталар изи” аттуу улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.

Кол өнөрчүлөр аллеясынан президенттер көчмөн элдин өзгөчөлүгү чагылдырылган боз үйлөрдүн инсталляцияларында кыргыз элинин улуттук каада-салттары, кол өнөрчүлөрдүн устаканаларда буюм-тайым жасап жаткандары менен таанышып, кыргыздын улуттук тамак-аштарынан даам татышты.

Этномаданий программанын алкагында меймандарга «Аталар изи» кыргыз улуттук кийимдер коллекциясынын көргөзмөсү тартууланып, бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда «салбуурун» салттуу мергенчилигинин элементтери көрсөтүлдү.

Ошондой эле мамлекет башчылары Ч.Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин коллективинин аткаруусунда түрдүү жанрдагы чыгармаларды, эки өлкөнүн музыкаларын угушту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

594