7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Швейцария республикабыз үчүн маанилүү тышкы саясий өнөктөш бойдон калууда

501

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин башкы директору Патриция Данци жетектеген Швейцария конфедерациясынын делегациясын кабыл алды жана соода-инвестициялык, финансы-техникалык жана гуманитардык тармактагы кыргыз-швейцар кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров швейцариялык делегацияны эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толушу менен куттуктады.

«Швейцария республикабыз үчүн маанилүү тышкы саясий өнөктөш бойдон калууда. Биз Швейцариянын өлкөбүздөгү демократияны, рынок экономикасын жана анын социалдык өнүгүүсүн калыптандыруудагы көмөгүн жогору баалайбыз», — деди ал.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Швейцариянын делегациясына жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар жана өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү улуттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Ал Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасы менен экономикалык кызматташуунун орто мөөнөттүү жаңы программасынын бекитилишин кубаттады жана кыргыз тараптын өлкөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жана программаларды ар тараптуу колдоого даярдыгын ырастады.

Акылбек Жапаров кыргыз-швейцариялык мамилелерин чыңдоо максатында 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Швейцария Конфедерациясына расмий сапарын уюштурууну сунуштады.

Өз кезегинде делегациянын башчысы Патрисия Данци белгилегендей, Швейцария конфедерациясы Кыргыз Республикасы менен достук мамилени жогору баалайт жана Швейцариянын  өлкөнүн социалдык-экономикалык жана демократиялык өнүгүүсүнө,  курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын туруктуулугун, мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын сактоодо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишиндеги башка артыкчылыктуу багыттарына колдоо көрсөтүү максатында кызматташууга кызыкдар экендигин ырастады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

502