7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт, биз калыс өлкө болушубуз керек

585

Россия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасирин тийгизип жатканын Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Урматтуу мыйзам чыгаруу органынын өкүлдөрү!

Ааламдашуу доорунда эл аралык коомчулуктан сырт эч бир мамлекет өз алдынча саясат жүргүзүп, өз алдынча өнүгө албастыгы белгилүү. Анын ичинде Кыргызстан дагы коңшу мамлекеттер менен, кайсы бир уюмдарга мүчө-мамлекет катары эл аралык коомчулук менен тыгыз байланышта иш алпарат.

Бүгүн дүйнө жүзүндө өнүгүү процесстери ушундай тез ылдамдык менен бара жатканына күбөбүз. Коронавирус пандемиясынан кийин өнүккөн мамлекеттердин экономикасы дагы пандемияга чейинки деңгээлге али жете элек. Ошону менен катар бүгүнкү күндө Россия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип атканын көрүп жатабыз. Кыскасы дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын.

Айрыкча акыркы күндөрдө эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп баратат, буга баам салып байкап турасыздар. Албетте биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек.

Доллардын кунунун көтөрүлүшүн, күйүүчү майга карата баанын жогорулашын, азык-түлүктүн баалары да барган сайын өсүп жатканын элибиз менен чогуу баштан өткөрүп жатабыз.

Ушундай кыйчалыш убакта бизге эң оболу ынтымак керек болуп турат. „Ынтымак бар жерде ырыс бар“ деген накыл кеп бар элибизде. Бизге капшабы тийип жаткан сырткы таасирлерди жумшартуу максатында бийлик бутактарынын жасаган иши менен айткан сөзү айкалышып, бир багытты көздөп, бир муштумга бириккендей иш алпарышыбыз абадай зарыл болуп турган чак.

Мен өткөндө Министрлер Кабинети тарабынан жогоруда тизмектелген каатчылыкка каршы иш-чаралар планы иштелип чыккандыгын айттым эле.

Албетте, биздин биринчи приоритетибиз — экономикалык потенциалыбызды мүмкүн болушунча сактап калуу болууда. Сиздерде дагы жакшы ой-пикир, жакшы сунуштар бар экенине ишенем. Болгону бири-бирибизди сындап, «кылдан кыйкым издебей», ишибизди илгерилетүүнүн үстүндө гана болсок деген тилек.

Башкага убакыт жок. Дүйнөлүк экономикалык агым, баалардын өсүү темпи биздин сындашып, акыйлашып олтурганыбызга карабайт.

Амбицияларыбызды жыйыштырып, оппозиция-позиция дебей, жалпы журтубуз менен бул сыноодон татыктуу өтүү үчүн колдон келгендин баарын ыкчам түрдө ишке ашыруу мезгил талабы болуп турат».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586