Бүгүн, президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын судьяларынын XII курултайында, сот системасы — судьялардын профессионалдык ишмердүүлүгүнүн чөйрөсү гана эмес, өлкөнүн, анын миллиондогон жарандарынын тагдырына түздөн-түз таасир этүүчү мамлекеттик институт экенин белгиледи.
“Кыргыз Республикасынын судьяларынын 12- курултайынын урматтуу катышуучулары!
Бүгүнкү иш-чара — сот системасы үчүн эле эмес, бүткүл өлкө үчүн, жалпы Кыргызстан үчүн маанилүү окуя. Анткени сот системасы — судьялардын профессионалдык ишмердүүлүгүнүн чөйрөсү гана эмес, өлкөнүн, анын миллиондогон жарандарынын тагдырына түздөн-түз таасир этүүчү мамлекеттик институт.
Андыктан азыркы сот системасынын алдында турган маанилүү милдеттерди терең талдап, соттор тууралуу айтылып жүргөн көйгөйлөрдү жоюу жолдорун аныктап, бүгүнкү курултайды конструктивдүү өткөрүү зарыл!
Сот тутумундагы сот адилеттигинин ачык-айкындыгын жогорулатуу, судьялардын статусун жана көз карандысыздыгынын кепилдиктерин бекемдөө, сот өндүрүшүнүн, процессуалдык жана материалдык укук ченемдерин оптималдаштыруу – мунун баары абдан маанилүү!
Ошого байланыштуу сиздерге жемиштүү иш, реалдуу жана маанилүү чечимдерди кабыл алууну каалайм».