7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу маселеси кыска мөөнөттө чечилсин

804

Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу маселеси кыска мөөнөттө чечилиши керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Акылбек Жапаров билдирди.

«Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен тийиштүү финансы каражаттары бөлүнгөн. Бирок маселени чечүүдө эч кандай жылыш жок. Шаардыктар менен борбордун меймандары дагы эле жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун тийиштүү көлөмү жетишсиздигине байланыштуу чоң көйгөйлөргө дуушар болууда. Бул маселени кыска мөөнөттө чечип, автобус өндүрүүчүлөр менен тиешелүү келишимдерди түзүү зарыл. Создуктурууга убакыт жок», — деп белгиледи ал.

Акылбек Жапаров маалымдагандай, президенттин «Жашыл мурас»  демилгесинин алкагында ар кыл дарактардын көчөттөрүн отургузуу үчүн 20 гектар жер бөлүнгөн.

«Жалпыбыз, анын катарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер «Жашыл Мурас» программасын ишке ашырууга активдүү катышууга ниеттенүүдөбүз. Биздин максат – жашыл аймактардын санын көбөйтүү жана борборубуздун мурдагы жашыл шаарлардын бири катары таанылган сыймыктуу атын калыбына келтирүү. Биз бул жерлерди мамлекеттик органдарга бөлүп бердик жана жакынкы келечекте ал жерге 800 миңден ашуун көчөт отургузулат», — деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

 

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин жыйынында жалпысынан 14 маселе каралды.

Тактап айтканда, 2022-жылдагы жазгы-талаа жана түшүм жыйноо иштерине зарыл болгон жайкы дизель майын сатып алууга каражат бөлүү чечими кабыл алынды.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

805