7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров жалган маалымат жарыялаган интернет сайттарды жабат. «Мыйзамга кол коюлду»

928

Президент Садыр Жапаров “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.

Маалыматта Конституцияга ылайык, ар бир жаран өз ар намысын коргоого укуктуу экени, кол коюлган мыйзамда анын аткарылышына шарт түзүлөрү жазылган.

“Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат. Муну менен мыйзам интернет айдыңында таркап, чындыкка дал келбеген маалыматтын таркатылышынан коргоого кошумча кепилдикти аныктайт”, – деп жазылат.

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 28-июлда кабыл алган. Ага ылайык, өкмөт “жалган же анык эмес маалымат” тууралуу жеке адам, уюм тарабынан жазылган арыздын негизинде ал маалыматты тараткан интернет сайтты жаап кое алат. Маалымат бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, көлөкө түшүргөн учурда бул мыйзам колдонулат.
Кабыл алынып жаткан учурда бир нече эл аралык уюмдар президентти ага кол койбоого чакырган билдирүү таратышкан. Укук коргоочулар мыйзам сөз эркиндигин чектөөгө алып келет деп эсептешет.
Алгач мыйзам долбоору парламенттин 30-июнундагы жыйынында өтпөй калган эле. Бирок аны 28-июлда кээ бир депутаттар кайра добушка салуу керектигин айтып чыгышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

929