7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров жаштарды элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюуга үндөдү

703

Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде жана конкурска келген активдүү жаштарга кайрылып, умтулууга үндөдү.

Анын айтымында, «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» конкурсуна катышкан 18 шаар, балдарга жана жаштарга шарт түзүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар, жарандык коомдун уюмдары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жеке сектор менен «өсүү түйүнү» катары кызматташып, өрнөк көрсөттү. Ошондой эле жаштар — азыркы учурда мамлекетти өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу, анткени алар эбегейсиз социалдык-экономикалык, маданий, чыгармачыл жана илимий потенциалга ээ.

«Биз мекенибизди сүйгөндө гана элибиз үчүн ак ниет кызмат кыла алабыз. Ошондуктан силерди эли-жерибиздин кызыкчылыгын алдыга койгон атуулдардан болууга чакырам. Эгерде мамлекетибизди өнүктүрүүгө салым кошобуз десеңер, ар бириңерди Мекенибизге, эли-жерибизге мекенчил болууга чакырам», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

704