7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Жогорку аткаруу бийлигинин чечимдери жер-жерлерде “чабал” жүрүп жатат…

3

Президент Садыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» өткөн республикалык кеңешмеде жогорку аткаруу бийлигинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жер-жерлерде чабал жүрүп жатканын белгиледи.

«Мунун так себептерин өз учурунда аныктап, тиешелүү чара көрүлбөсө, бүгүнкү күндө жетишилген өнүгүү темпи кайрадан басаңдап кетет. Биз буга жол бербешибиз керек. Ошондуктан облустардагы өкүлчүлүктөр, райондук жетекчилер жана айыл өкмөттөрү менен ыкчам, тыгыз кызматташууну колго алышыңыздар керек.

Биз башкаруунун ачык-айкын, натыйжалуу жаңы системасын курушубуз керек. Ар ким өз милдетин так аткарган жерде баш аламандыкка, коррупцияга же бюрократиялык кысымга жол берилбейт. Ушундай тартип менен гана бардык максаттарды ишке ашырып, мамлекетке болгон ишенимди бекемдей алабыз жана Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүн камсыздайбыз», — деди өлкө башчысы.

Эскерте кетсек, бүгүн «Ынтымак Ордодо» президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча республикалык кеңешме өттү. Ага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышты.

4