7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапонияда мугалимдер күнү эмнеге белгиленбейт?

1111

Бир кытай мугалиминин Жапонияга болгон иш сапарындагы эсте калган ирмемдери. Төмөндө анын айткандары өзгөртүүсүз жазылган:
«Бир жолу мен жапон коллегамдан сурадым:

Жапонияда мугалимдер күнү качан белгиленет, силер аны кандай тососуңар?
Менин суроомо таң калган кесиптешим Ямамота мындай жооп берди:
— Бизде эч кандай мугалимдер күнү белгиленбейт.
Анын жообуна таң калып, ишенип же ишенбөө керектигин билбей калдым. Мага ошол учурда ушундай ой келди: » Экономикасы өнүгүп, илим жана техника боюнча алдына ат салдырбаган өлкөдө эмне үчүн мугалимдердин эмгеги бааланбайт?».
Жумуштан кийин Ямамота мени үйүнө конокко чакырды. Ал мектептен алыс жашагандыктан метро менен жөнөдүк. Кечке жуук элдин баары иштен кайткан учур болчу. Метронун ичинде отурууга орундук жок, адам көп. Бир учурда менин маңдайымда отурган абышка ордунан туруп, менин отурумду суранды. Күтүлбөгөн мындай жагдайда эмне кылууну билбей калдым. Карыя абдан сурангандыктан баш тартууга айлам калбады. Акыры отурдум.
Метродон чыкканда Ямамотадан аксакалдын эмнеге мага мындай мамиле кылганын сурадым.
Кесиптешим мени карап жылмайып, менин төшүмдөгү мугалим деген төш белгини көрсөтүп:
-Ал абышка сенин мугалим деген төш белгиңди көрүп, ошол себептүү өзүнүн ордун бошотуп берди.
***
Ямамотанын үйүнө алгачкы жолу барып жаткандыктан куру кол баруу ыңгайсыз болду. Белек алып алууну чечип, дүкөн издеп калдым. Менин оюмду түшүнгөн кесиптешим мугалимдер үчүн арзан дүкөн бар экендигин айтты.
Муну укканда таң калганымды жашыра алган жокмун.
— Мугалимдер үчүн гана жеңилдик барбы?- деп сурадым.
Ямамота менин таң калганыма жылмайып:
— Жапонияда мугалимдик эң сыйлуу кесип, окутуучу болсо элдин баары сыйлаган адам Жапон сатуучулар дүкөнүнө мугалим кирсе абдан кубанышат.
***
Жапонияда жүргөн учурумда мугалимдерди жапондор абдан сыйлай тургандыгын көрдүм. Метродо алар үчүн өзүнчө орундуктар бар, атайын дүкөндөр ачылган, окутуучулар эч кайсы жерде кезек күтпөйт. Мындан улам мага ой келди. Жапон мугалимдерге бир күндүк майрамдын эмне кереги бар, алардын ар бир күнү майрамга тете болуп жаткан соң.

Которгон:Гүлзада Абдырахманова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1112