7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жарадыңар керегине мекендин, элден алкыш, элден болсун ырахмат!» Куткаруучуларыбыз келди

570

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда, издөө-куткаруу иштерин, милдеттерин так аткарышкан куткаруучуларды тосуп алуу иш-чарасы өттү.

“Манас” эл аралык аэропортунда куткаруучуларды ӨК министри Бообек Ажикеев, Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган жана ӨКМдин өздүк курамы тосуп алды.

Кыргызстанга аман-эсен келген куткаруучуларды куттуктаган Бообек Ажикеев эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгына жана куткаруучулардын аткарган ишин жогору баалады.

«Табигый кырсыктан жапа чеккен түрк элине жардам берүүгө 182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде 6 дарыгер, 5 боз үй тигүүчү болсо, калганы ӨКМдин куткаруучуларынан турат .

Биздин куткаруучулар жер титирөө катталган аймакта жалпысынан 8 адамды уранды алдынан аман алып чыгып, 198 адамдын сөөгүн табышты.
«Инсараг» эл аралык уюмуна кошулуу үчүн куткаруучуларды күжүрмөн даярдыкка келтирүүдө Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу мырзанын берген кеңеши, жардамы менен бир катар ийгиликтерди жарата алдык», – деди министр.

Ал эми салтанатка катышкан элчи мырза Түркияда аткарган кыргызстандыктардын жардамын баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

571