7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жарамазан айтуу кайыр суроого айланбашы керек: Жашы жете элек балдардын коопсуздугу күчөтүлдү

2

2026-жылдын 27-февралында борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча бардык тиешелүү мекемелердин катышуусунда жыйын өттү.

Жыйындын жүрүшүндө өспүрүмдөрдүн кечки жана түнкү убакта мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз коомдук жайларда жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү, балдар жана алардын ата-энелери менен профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле жашы жете электерди киргизип, аларга кайыр сураганга мүмкүнчүлүк берген кафе-ресторандардын жоопкерчилигин жогорулатуу чаралары талкууланды.

Ошондой эле көңүл ачуу жайларын, кафе жана ресторандарды текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, жашы жете электерди киргизүү фактылары аныкталган учурда, мекемелерге карата колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөрү белгиленди.

«Акыркы учурда балдардын жарамазан айтып, көңүл ачуу жайларын кыдырып, автоунаа жолдорунда жана жол кесилиштеринде жүргөн учурлары көбөйдү. Бул алардын коопсуздугуна коркунуч жаратат. Ошондой эле айрым балдар QR-код аркылуу акча которууну талап кылган учурлар бар. Биз салтыбызды жана маданий мурасыбызды урматтайбыз, бирок жарамазан айтууну кайырчылыкка айлантпоо керек. Балдардын коопсуздугу биринчи орунда турушу зарыл. Ата-энелерден балдарына өзгөчө көңүл буруп, жашы жете электердин көзөмөлсүз көчөдө жүрүшүнө жол бербөөнү суранабыз», — деп белгиледи мэрдин орун басары.

Жыйындын жыйынтыгында райондук администрацияларга жашы жете электер менен иштөө инспекциясы жана патрулдук кызматкерлер менен биргеликте рейддерди уюштуруу тапшырмасы берилди.

 

3