7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жарандар өлкө президентине кайрылууну билишпейт» деген депутаттын билдирүүсүнө Министрлер кабинети жооп берди

823

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин «жарандар өлкө президентине кантип кайрылууну билишпейт» деген билдирүүсү боюнча министрлер кабинети төмөндөгүлөрдү билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы президенттин жана президенттин администрациясынын дарегине жарандардан 22 миң 546 кайрылуу келип түшкөн.

Ушул жылдын 4-мартына карата президентке, президенттин администрациясына 3 миң 460 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде президенттин коомдук кабылдамасы аркылуу жарандардан 1025 кайрылуу түшсө, ал эми электрондук түрдө 642 кайрылуу келип түшкөн.

Белгилей кетсек, электрондук кайрылуулар мамлекет башчынын www.president.kg расмий сайты (http://www.president.kg/ru/obrascheniya_grazhdan) аркылуу кабыл алынат. Жарандардын мамлекеттик органдарга электрондук кайрылуу порталы www.kattar.kg аркылуу ар бир жаран өзүнүн электрондук кайрылуусун тиешелүү түзүмдөргө жөнөтө алат.

Мамлекет башчынын жеке тапшырмасына ылайык, 2022-жылдын 27-январынан тартып «Биринчи радионун» эфиринде жума сайын (ар бейшемби күнү саат 08.30дан 09.30га чейин) «Биринчи кабылдама» берүүсү уктурулууда, анда жарандар президентке онлайн режиминде кайрыла алышат.

Президенттин администрациясында ошондой эле «Ишеним телефону»: (0312) 62-53-85 жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамасынын телефону: (0312) 62-50-20 иштейт.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчисинин, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарларынын жана мамлекеттик катчынын, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жарандарды жеке кабыл алуу графиги бекитилген.

Бекитилген график боюнча күнүмдүк кезмет уюштурулган.

Президенттин администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү жарандардын кайрылууларын кабыл алып, каттоого жана эсепке алат, аларды карап, кайрылуулардын өз мөөнөтүндө каралышын контролдойт, каттарды системалаштырат жана талдайт.

Ошол эле учурда жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү президенттик администрациянын имаратынын жанына митинг, нааразычылык акцияларына чыккандар менен иш алып барууда.

Эскерте кетсек, жыл башынан бери ар кандай мүнөздөгү 88 митинг жана пикеттер катталып, президенттин администрациясынын кызматкерлери алардын катышуучулары менен анда көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында жолугушкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

824