7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жарандарыбыз коопсуз мамлекетте жашоого укуктуу

647

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы милиция кызматынын өзгөчөлүгүн көрсөткөн жана элди мекенчилдикке үндөгөн видеороликти тартышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

“Мен-улуу элдин урпагымын. Мен үчүн элимдин бейкуттугу жана тынчтыгы баарынан кымбат. Мен жашаган мамлекетте, шаарда, айылда жана коомдо уурулукка, зомбулукка, алдамчылыкка жана ар кандай коомдук тартип бузууларга жол жок.

Андайга, мен жана мен сыяктуу ар-намысты баарынан бийик койгон кесиптештерим, эч качан жол бербейбиз. Мамлекетибизди жана коомубузду ууру-кескилерден, каракчылардан, алдамчылардан жана улуттун уңгусуна шек келтирген пайдакор жат элементтерден тазалайбыз.

Ошондо гана мамлекетибиз гүлдөп,өнүгүп өскөн улуу держава боло алат. Кыргыз эли, мына ушундуай улуу мамлекетте жашоого татыктуу.Биздин балдарыбыз, небере-чөбөрөлөрүбүз жана келечек муундун бакубат турмушу үчүн кажыбастан эмгек кылам”,- деген милиция кызматкеринин Мекенине болгон сый-урматын, сүйүүсүн, ой-мүдөөсүн чагылдырган видеороликти сунуштайбыз.

Милиция –бул өлкө ичиндеги коопсуздукту камсыздап, элге биринчилерден болуп жардамга кол сунган тартип сакчылары, элдин ишенимдүү тиреги.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

648