Каракчылык менен алектенген кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалганын ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кечинде 25-30 жаштардагы азиат түспөлүндөгү 5 белгисиз адам жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, ири суммадагы акчаны ээлеп алып, изин жашырып кетишкен. Жабырлануучу Жалал-Абад облусунун 55 жаштагы тургуну болгон. Ага кол салгандар физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, кекиртегине бычак такап, сумкасын алып кетишкен. Анын ичинде 2 миллион 715 миң сомдон ашык акча болгон. Кол салгандар “Daewoo-Nexia” үлгүсүндөгү унаа менен болушкан.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, көп өтпөй шектүүлөрдүн өздүгүн такташкан.
Шектүүлөрдү кармоо Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлүп, кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалган. Алардын төртөөсү мурда соттолгондор:
— 1996-жылы туулган А.Н., Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну, мурда уурулук боюнча соттолгон;
— 2001-жылы туулган К.А., Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну;
— 2001-жылы туулган А.уулу Б., Ош облусунун Ноокат районунун тургуну, мурда соттолгон, учурда жатак абагында жазасын өтөп жатат.
— 1997-жылы туулган М.А. (аты-жөнү Б.Э.), Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган, мурда соттолгон, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.
— 1999-жылы туулган С.А., Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган, мурда уурулук боюнча соттолгон.
Маалым болгондой, кол салгандар жогорудагы кылмыш ишин жасоо үчүн унааны оңдоочу жайга оңдоого калтырып кеткен башка бирөөнүн унаасын колдонушкан. Шектүүлөр накталай акча менен иштегендерге басым жасашып, ар кандай айла-амалдарды колдонуп келишкен. Жогоруда көрсөтүлгөн жабырлануучу башында телефон аркылуу сүйлөшүп, алмаштыруу үчүн 2 миллион 715 миң сомдон ашык акчаны айтылган дарекке алып келген. Ошол эле учурда ал жалгыз болгон, бирок аны кардарлар эмес, кылмышкерлердин тобу күтүп жатышкан.
Шектүүлөр карактоо менен тартып алган акчанын бир бөлүгүн кийим-кечеге, батир акысына жана башкага пайдаланышкан.
Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүлөрдүн бардыгы камалып, ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.