7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жасалма марка менен дүкөндөргө спирт ичимдигин ташыган жаран кармалды

311

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз сатуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын аймагында белгилүү бренддерден жасалма алкоголдук ичимдиктерин мыйзамсыз жеткирүү жана сатуу фактысы аныкталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Каракол шаарында «с Серебром» аталыштагы жасалма акциздик маркалары бар 400гө жакын алкоголдук продукцияны дүкөндөрдүн бирине жеткирүү менен алектенген «А.С.» аттуу жаранды кармашкан.


Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

312